Нооруз майрамы – элди ынтымакка чакырган майрам

Новости
17-Март 2023-ж.
1189

2023-жылдын 17-мартында КР Экономика жана коммерция министрлигинде “Нарктуу жаран – улутубуздун жүзү” деген ураан алдында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Таңынан короодо апакай боз үй тигилип, Улустун улуу күнүнүн шаанисин чыгарып, казанга аш басылып, ак калпак кийген жигиттер сыртта ордо ойнунун кызуусуна батса, жарашыктуу улуттук кийим кийинишкен кыз-келиндер боз үйдүн ичинде тогуз коргол, топ таш ойношуп, Нооруз майрамынын ажарын арттырышты.

Ырас, Ноорузда күн менен түн теңелип, куштар сайрап, тиричилик жанданып, жашоо уланган. Нооруз – бул бир чети талыкпаган эмектин да майрамы. Өтүп кеткен 2022-жылы республиканын экономикасы бир топ ийгиликтерге жеткени буга далил. 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 919 миллиард сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 7 пайызга өстү. Мында министрликтин эмгек жамаатынын кошкон салымы чоң. Бирок бул чек эмес.  

2023-жылы да алдыда чоң-чоң милдеттер турат. Негизги өнүгүү индикатору бул экономиканын өсүшүн 5 пайыздан кем эмес болуу максаты коюлду же болбосо ички дүң продукциянцын көлөмүн 1 трлн сомго жеткирүү!

Эмгек менен эс алууну тең айкалыштырган министрликтин жамааты муну Нооруздун алдында улуттук оюндарды чеберчилик менен аткаргандыгы менен далилдешти. 

Министр Данияр Амангелдиев салтанаттуу иш-чарада жалпы эле эмгек жамаатын жергебизге кирип келген Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, ар бир кызматкерге чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады. Куттуктоосун андан ары улап, ал министрликтин жаштары улуттук каада-салтты сактап гана тим болбостон, улуттук оюндарды да жогорку чеберчиликте аткара билгенине баа берди. Улууну урматтап, кичүүнү ызааттап, ортобузда бекем ынтымак болсо, мындан ары да ишибизде чоң-чоң ийгиликтерди жарата берээрибизге ишенимин билдирди.

Сөзүнүн соңунда министр Д.Амангелдиев кыска убакыттын ичинде жамааттын башын бириктирип, жакшына иштерди аткарып жаткан Министрликтин профсоюздук комитетини төрайымы Мээрим Чалбаевага Ыраазычылык кат тапшырды. Андан соң ЭКМ башчысы улуттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө жеңиштери менен куттуктады. Аларга төмөнкү командалар татыктуу болушту: 

Ордо оюну

1-орун А.Д.Усенбекованын блогу 

2-орун К.Ж.Абдрахмановдун блогу+Айти 

3-орун Ч.С.Сейитовдун блогу 

4-орун. Министрдин блогу 


Тогуз коргоол

1-орун Бейшебаев Улан 

2-орун Абдылдаев Берикбай

3-орун Качкынбай кызы Жылдыз 

3-орун Дуйшекеев Бекмырза 


Топ таш

1-орун Болжирова Жылдыз 

2-орун Сулайманова Бермет 

3-орун Коңгайтиева Турду 

4-орун Азаматова Жайнагүл 


Аркан тартыш

1-орун А.Усенбекованын блогу 

2-орун Курама команда Ч.Сейитовдун блогу 

3-орун К.Ж.Абдрахмановдун блогу+Айти 


Салтанаттуу иш-чарада ыр жарыш да көрүүчүлөр арасында колдоого алынып, шатыраган кол чабуулар менен коштолуп турду. Ч. Макешовдун блогу менен Аймактар аралык башкармалыктын командасы беттешип, жыйынтыгында эки команда тең бирдей упайга ээ болушту. 

Ошентип, Экономика жана коммерция министрлигинде Нооруз майрамына арналган  иш-чара  эсте калаарлык маанайда өттү.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу