Басма сөз билдирүү: Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлер менен 2023-жылдын 22-мартында кеңейтилген жыйын өткөрөт

Новости
17-Март 2023-ж.
1712

Азыркы учурда, жеңил өнөр жай тармагынын продукциясы ата-мекендик жана эл аралык рыноктордо маанилүү орундарды ээлөдө. Тигүү тармагындагы ишканалар учурда, республиканын көпчүлүк калкын (өзгөчө региондордо) жумуш орундары менен камсыздап жана мамлекеттин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө көмөктөшүүдө.

Ушул тармак приоритеттүү жана маанилүү болуп эсептелгендиктен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинин астында, 2023-жылдын 22-мартында саат 16:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында (Бишкек ш., Чүй проспекти, 106,
 3-этаж Чоң зал) өлкөдөгү жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрүнун катышуусу менен кеңейтилген жыйын өткөрүлөт.

Жыйындын максаты, ата-мекендик жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлерди колдоо жана бул тармакты өнүктүрүү. Ошондой эле, ишкерлер өздөрүнүн негизги көйгөлүү маселелерин билдирип, чечилбеген суроолорун мамлекеттик органдар менен талкуулоого мүмкүнчүлүк жаралат. Өткөрүлгөн жыйындын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү боюнча практикалык чечимдер иштелип чыгат.

Жолугушууга катышууга кызыккан жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү, тактоо максатындагы суроолор боюнча төмөндөгү номер аркылуу байланышып, маалымат алышса болот. 

(Елдос Сагымбаев, 0555 262 929; 0312 62-05-35 кош. 276; 132)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу