Дүкөн иштеткен тараптар боюнча маалымат

Новости
13-Март 2023-ж.
913

Айрым ЖМКлар “Дүкөнчүнүн ордуна башка бирөө отурса айып салынат” делген маалымат чыкты. 


Бүгүнкү күнү патенттик негизде (товардык обороту 8 000 000 сомго чейинки) иштеп жаткан ишкерлер кошумча жалданма жумушчулары керек болсо, ар бирине эмгек акысына киреше салыгын төлөөнүн ордуна айына 700 сом патент алууга укуктуу.


КР Президентинин Жарлыгы менен Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчанын өлчөмү 8 000 000 сомдон ашпаган ишкерлер толугу менен салыктардан бошотулат. 


Ал эми, Жогорку Кеңештин комитетиндеги талкуунун жыйынтыгында Мыйзам долбооруна 8 000 000 сомго чейинки ишкерлерге акысыз ЭКИ жалданма жумушчу алуу укугун берүү чечими кабыл алынды. 


Мисалы, бир  үй-бүлө дүкөндү жолдошунун атына патент алып иштетип жатса жана анын зарыл иши чыгып калса ал дүкөндү жубайына же  балдарынын бирине убактылуу табыштап кете алат.


Товардык обороту 8 000 000 сомго чейинки ишкерлер патенттик негизинде да иштей алат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу