Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин ишке ашыруу концепциясы талкууланды

Новости
11-Март 2023-ж.
1004

Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында ESG Борбордук Азия агенттиги менен биргеликте товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар үчүн кеңейтилген жоопкерчилик институтун ишке ашыруу боюнча Концепциянын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.


Бул жолугушуу өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилигин ишке ашыруу концепциясын талкуулаган бир катар иш-чаралардын биринчиси болуп саналат.


Талкууга мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.


Өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүүнүн негизги максаты экинчи даражадагы материалдык ресурстарды экономикалык жүгүртүүгө максималдуу кайтарууга жана керектөө калдыктарын утилдештирүүнүн көлөмүн минималдаштырууга багытталган эффективдүү мамлекеттик жөнгө салуу моделин түзүү болуп саналат.


Өндүрүүчүнүн жана импорттоочунун кеңейтилген жоопкерчилиги принциби Евробиримдиктин өлкөлөрүндө 1990-жылдардын башынан бери ийгиликтүү колдонулуп келет. ЕАЭБ өлкөлөрүндө - Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Россия Федерациясында өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилигинин принциби (ӨКП) мыйзамдуу түрдө жөнгө салынган жана утилизациялоо үчүн төлөм бул өлкөлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына өндүрүлгөн же импорттолгон товарлардын өздүк наркына киргизилген. 


Жыйындын жүрүшүндө Концепциянын долбоору боюнча сунуштар жана сын-пикирлер айтылып, көйгөйлөр жана тоскоолдуктар каралып, мындан аркы өнүгүү жолдору жана кызыкдар тараптардын жемиштүү кызматташуусу талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу