Экономика министрлигинин кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү

Новости
03-Август 2015-ж.
2680
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Д.Ниязалиеванын 2015-жылдын 18-майындагы №21-20499 тапшырмасын аткаруу максатында 2015-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде КЫРГЫЗТЕСТ системасынын көнүгүү тест сынагын тапшырышты.

Кызматкерлерди каттоодон кийин, КЫРГЫЗТЕСТ системасы менен, тест тапшыруучуларды, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн жетекчиси Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна тааныштырды.

КЫРГЫЗТЕСТ системасы жөнүндө презентацияны көргөндөн кийин, кызматкерлер өзүн-өзү баалоо баракчаларын толтуруп, кыргыз тилин билүү деңгээлдерин аныкташты жана компьютердик тест тапшырышты. Компьютердик тест лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат. Тест 2 саат 30 мүнөткө созулду. Андан соң тесттен өтүүчүлөр сүйлөө субтестин тапшырышты.

Бул көнүгүү тестинин жыйынтыктары kyrgyztest.gov.kg сайтына 4 сааттан кийин жарыяланды.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу