Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйыны жөнүндө

Новости
11-Март 2023-ж.
1027

2023-жылдын 6-8-мартында Кувейт шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаевдин төрагалыгы алдында Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын 3-жыйыны болуп өттү.


Комиссиянын кувейттик бөлүгүн Кувейт Мамлекетинин Финансы министринин орун басары Асил Аль-Саад Аль-Мунифи айым жетектеди.


Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.


Тараптар соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүү, анын ичинде Кыргыз Республикасында инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, бизнес-форумдарды жана соода миссияларын өткөрүү, креативдүү экономика, инвестиция, халал индустриясы, туризм, маданият, спорт тармагында кызматташуу маселелерин карашты.


Ошондой эле стандартташтыруу жана метрология, айыл чарба, ветеринария жана фитосанитардык, банк иши, аба байланышы, интеллектуалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар, билим берүү, маалымат каражаттары, социалдык маселелер, эмгек ресурстары жана башка тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу