Социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Новости
10-Март 2023-ж.
993

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А.Тукунов менен биргеликте Бишкек шаарынын Ош базарындагы социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү. 


Өзгөчө өсумдук майдын, эт, ун жана кумшекердин өздүк наркына көңүл бурулду. Ишкерлердин айтымында, келишим боюнча товарлар үзгүлтүксүз алынып келинип, азык-түлүк тартыштыгы аныкталга жок.


Бул иш-чаранын жүрүшүндө социалдык мааниге ээ товарларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө»   мыйзамдарынын ченемдерин сактоо боюнча ишкердик субъекттерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Учурда ишкерлердин айтымында, унга, кумшекерге ж.б. товарларга болгон баалардын төмөндөгөнү байкалууда.


Наименование

Январь 2023

Март 2023


Мin

Max

Мin

Max

Өсумдук май 1л, сом

125,0

176,0

110,0

175,0

Кумшекер 1кг, сом

82,0

92,0

89,0

80,0

Пияз 1кг, сом

50,0

65,0

50,0

55,0




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу