Мамлекеттик имараттарды колдонууга ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө нускама бекитилди

Новости
02-Август 2015-ж.
2121
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө»КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы токтомуна ылайык, КР Экономика министрлигинин 2015-жылдын 24-июлундагы буйругу менен мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулуштар, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө нускама бекитилди.

Министрлик билдиргендей, мамлекеттик: органдарга, мекемелерге жана ишканаларга мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулуштар, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө жогоруда белгиленген Нускаманы жетекчиликке алуу зарыл.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу