Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин жаңы орун басары Назарбек Малаев тааныштырылды

Новости
09-Март 2023-ж.
1068

Бүгүн, 2023-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басары Назарбек Малаев тааныштырылды.


Жаңы министрдин орун басарын КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров тааныштырды.


2023-жылдын 3-мартындагы № 112 тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 


Министр Данияр Амангелдиев белгилегендей, команданын көпчүлүк мүчөлөрү Назар Малаевди мурунку иштеринен билишет. Ал бир топ тажрыйбага жана кадыр-баркка ээ, Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контроль бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын мамлекеттик программаларына мониторинг жүргүзүү  жана  макроэкономикалык талдоо секторунун башчысы болуп иштеген. 


Ошондой эле ал Н.Малаевге министрдин орун басары кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады. 


Резюме


РЕЗЮМЕ



 

Аты-жөнү:

Малаев Назарбек Камалдинович


Туулган күнү:


Туулган жери:


Билими:

10.06.1982-ж.


Баткен району, Самаркандек айылы


Жогорку


2005-ж.



2009-ж.




Класстык чени:

Ош мамлекеттик университети, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” 


Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы“Менеджмент” (магистратура) 


Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси


Иш-тажрыйбасы:





Иштеген мезгили

Мамлекеттик органдын, мекемелердин аталышы, ээлеген кызмат орду



Дайын-далган күн

Бошогон күн



03.03.2023

Азыркы мезгилге чейин

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары



30.03.2022

03.03.2023

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти



01.11.2021

30.03.2022

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн эксперти 



14.04.2021

01.11.2021

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн эксперти



09.08.2019

14.04.2021

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмүнүн башчысы



08.06.2017

09.08.2019

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин  соода саясаты башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси, башчысы



23.01.2017

07.06.2017

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин талдоо жана инновациялар секторунун башкы адиси



04.01.2016

23.01.2017

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стратегиялык пландаштыруу, макроэкономикалык талдоо  жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы



22.08.2011

04.01.2016

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коомчулук менен байланышуу секторунун жетектөөчү адиси, башкы адиси, башчысы



03.08.2009

22.08.2011

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уюштурууну камсыздоо жана протокол бөлүмүнүн адиси



Сыйлыктары:









Тилдерди билүүсү:


Кошумча маалымат:



Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы (2020);

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү сааты (2020);

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты (2021);

Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасы (2022);


Кыргыз жана орус тилдери


Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.











Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу