Экономика жана коммерция министрлигинде 8-март Эл аралык майрамга карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Новости
07-Март 2023-ж.
1205

2023-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң жыйындар залында 8-март Эл аралык күнүн белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов, министрдин орун басары Искендер Асылкулов, министрдин орун басары Канат Абдрахманов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, опера жана эстрада ырчысы Айбек Саралаев жана министрликтин башка кызматкерлери катышты.

Алар белгилегендей, келе жаткан жаркыраган жаз майрамы – 8-март Аялдардын эл аралык күнү сүйүүнүн, кыялдардын жана сулуулуктун салтанатын билдирет. Жазды билдирет жана жаңы үмүттөрдү алып келет. Жаздын алгачкы майрамында биз кымбаттуу айымдарыбызга, апаларыбызга жана чоң апаларыбызга, эже-карындаштарыбызга жана кыздарыбызга акылмандыгы жана сабырдуулугу, камкордугу жана боорукердиги, жылуулугу жана назиктиги үчүн чын жүрөктөн урмат-сый, сүйүү жана ыраазычылык билдиребиз.

Заманбап аялдар жигердүү бизнес жана кесиптик сапаттарын көрсөтөт. Сиздер балдарды тарбиялап, үйлөрдө жылуулук жана жайлуулукту жаратып, жакындарыңызды чексиз сүйүү менен жылытып гана тим болбостон, өзүңүздөрдүн талантыңыздарды, жөндөмүңүздөрдү профессионалдык чөйрөдө көрсөтөсүздөр. Бүгүнкү күндө сиздер республиканын коомдук-саясий турмушуна активдуу катышуучуларсыздар. Республиканын жана өлкөнүн келечеги сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, энергияңыздарга, бизнеске чебер жана камкор мамилеңиздерге байланыштуу болуп саналат.

Алар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ишмердүүлүгүндөгү берилгендик жана чыдамкайлык, акылмандыгы, ошондой эле ак ниет жана кынтыксыз эмгеги үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле бардык аялдарга чың ден соолук, түгөнгүс оптимизм, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакубаттуулук каалайбыз!

Өз кезегинде бул иш-чаранын уюштуруучусу, КР ЭКМ профсоюз комитетинин төрайымы,  мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси Мээрим Чалбаева жалпы элди келе жаткан 8-март жаз майрамы менен куттуктады.

Андан кийин майрамдык концерт болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу