Автотранспорт каражаттарын техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жаңыланган интерфейси жөнүндө

Новости
07-Март 2023-ж.
1358

2023-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасынын аймагында автотранспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борборлор менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө автотранспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасынын жаңыланган интерфейси көрсөтүлдү.

Иштеп чыгуунун негизги максаты – диагностикалык борборлордун күнүмдүк иш процесстерин оптималдаштыруу жана автоматташтыруу.

Маалымат иретинде:

МС унааларды техникалык кароодон өткөрүү боюнча маалыматтарды чогултат, сактайт жана колдонот.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган автотранспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борборлор маалыматтык тутумдун колдонуучулары (кызыкдар тараптары) болуп саналат.

Диагностикалык борборлор техникалык кароонун жыйынтыгы тууралуу маалыматты системага өткөрүп берет.

Системанын кызматын колдонуу менен, автотранспорттун мамлекеттик номерин киргизүү менен кызыкдар адамдар транспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгү жана анын жарактуу мөөнөтү жөнүндө маалымат ала алышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу