Министр Д.Амангелдиев Дохада өтүп жаткан БУУнун жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр боюнча 5-конференциясына катышууда

Новости
07-Март 2023-ж.
1550

2023-жылдын 5-мартынан 7-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Катар Мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун жаңыдан  өнүгүп жаткан өлкөлөр боюнча 5-конференциясына катышууда.

Бул Конференциянын максаты - жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр жана алардын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү тарабынан Иш-аракеттер программасын ишке ашырууга комплекстүү баа берүү, мыкты тажрыйбалар жана алынган сабактар менен тең бөлүшүү, туш болгон тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды, аларды жеңүү үчүн зарыл болгон аракеттерди жана демилгелерди аныктоо. Ошол эле учурда бул иш-чарада баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча натыйжалуу эл аралык жана ички саясатты, ошондой эле жаңы жана пайда болуп жаткан чакырыктарды, аларды чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана каражаттарын аныктоо боюнча дебаттар өтөт.

Конференциянын алкагында параллелдүү он пленардык сессия, анын ичинде ачылыш жана жабылуу сессиялары өткөрүлөт. Жалпы дискуссияда мамлекет жана өкмет башчылары, делегациялардын башка башчылары чыгып сүйлөшөт.

Министр Д.Амангелдиев жалпы дебаттык жана жогорку деңгээлдеги тематикалык 4-тегерек столдо “Эл аралык соодага жана регионалдык интеграцияга жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катышуусун кеңейтүү” деген темада баяндама жасады.

Жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр конференциясынын пленардык жана тегерек столдорундагы талкуулардан тышкары, “Жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр категориясынын 50 жылдыгын белгилөө”, “Жеке сектордун форуму”, “Жарандык коом”, конференцияга чейинки иш-чаралар, анын ичинде жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөр тобунун саммити, парламенттик форум, жаштар форуму жана жарандык коом форуму өткүрүлмөкчү.

Ошондой эле, Д.Амангелдиев 2023-жылдын 5-мартынан 11-мартына чейин Катар Мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан Сух Вахиф курма жана бал көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Сух Вахиф комплексинин директору Халид Сувейди мырзанын коштоосунда көргөзмөгө экскурсия жасалды.

Экскурсиянын жүрүшүндө бал коюлган кыргыз павильондорунда балчылык бизнесинин өкүлдөрү менен иштиктүү баарлашуулар болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу