Социалдык маанидеги товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө

Новости
03-Март 2023-ж.
1400

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Тайлаковдун буйругун аткаруу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарында социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык мааниге ээ товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана  «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын ченемдерин сактоо боюнча ишкердик субъекттерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Өсүмдүк майынын, эттин, ундун, канттын өздүк наркына өзгөчө көңүл бурулду. Учурда ишкерлердин айтымында, келишим боюнча товарлар үзгүлтүксүз алынып келинип, азык-түлүк тартыштыгы жок, калк арасында шашылыш суроо-талап байкалбайт.

Ошол эле учурда шаардын базарларында тамак-аш азыктарынын, ошондой эле ун менен кумшекердин баасынын төмөндөө тенденциясы жүрүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу