Мамлекеттик сектордун ишканаларын башкаруунун координациялоо моделинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө

Новости
03-Март 2023-ж.
1558

Бүгүн, 2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Дүйнөлүк банктын эксперттеринин ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Финансылык менеджмент боюнча улук адис Андрей Бусуйок жана корпоративдик башкаруу боюнча консультант Дмитрий Ларионов мамлекеттик сектордун ишканаларын башкаруунун координациялоо моделинин өзгөчөлүктөрү, эл аралык тажрыйба жана мамлекеттин катышуусу менен ишканалар боюнча консолидацияланган отчетторду даярдоонун алдыңкы тажрыйбасы менен тааныштырышты.

Жумушчу кеңешмеде министрлик мамлекеттин катышуусу менен ишканалардын, анын ичинде акционердин (катышуучунун) функциялары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан тармактык мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген ишканалардын бардык портфели боюнча топтолгон отчетторду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Учурда министрлик мамлекеттин катышуусу менен ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулукту жана маалыматты ачыкка чыгаруу системасынын жолдорун өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу