КР ЭКМ кызматкерлери Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүн белгилешти

Новости
03-Март 2023-ж.
1163

2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери Мамлекеттик туу күнүн белгилешти. Мамлекеттин негизги символдорунун бири – кыргыз туусуна 31 жыл толду.

Улуу Манас атабыздын доорунан бери туу эркиндиктин символу катары муундан муунга өтүп келет. 

5-мартта Кыргызстанда кыргыздардын улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнү белгиленип, анын улут үчүн мааниси өтө чоң.

...Жума күнү таңынан министрликте өзгөчө майрамдык шаң сезилип турду. ЭКМ профсоюздук комитетинин төрайымы Мээрим Чалбаева баштаган профсоюз мүчөлөрү кош майрамга мыкты даярдыктарды көрүштү. Ишке келаткан кызматкерлер жаңы бышкан боорсокко каймак малып жеп ооз тийип, көтөрүңкү маанайда болушту. Ак калпак кийген жигиттер бала кезин эстеп, чүкө атып ойноп, черден чыгышса, жаңы келген жаз күнүндө жарашыктуу улуттук кийим кийген татынакай кыздар шырдак үстүндө топташ ойноп, кош майрамдын көркүнө көрк кошушту. Ушуларды көрүп, жүрөктөн ыр саптары төгүлдү:

-Бу дүйнө, бу дүйнө

Адамзаттын турагы.

Бу дүйнө, бу дүйнө

Адамзаттын сынагы.

Бу дүйнөдө эмне бар?

Бу дүйнөдө калпак бар.

Бешкемпирдин Алмазы,

Ак калпакты кийип ал.

Ак калпактын ичинде,

Кыргызымдын майтарылбас жаны бар!

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу