Кыргыз Республикасынын ЭКМ кызматкерлеринин болжолдоо боюнча потенциалын жогорулатуу жөнүндө

Новости
01-Март 2023-ж.
1194

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ПРООНдун көмөгү менен министрликтин жана ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн болжолдоо боюнча тренингдерди уюштурат.

Семинардын негизги максаты – MS Excel программасында математикалык моделдөө методдорунун негизинде экономикалык маселелерди коюуда, чечүүдө жана талдоодо теориялык, методологиялык принциптерди жана конкреттүү ыкмаларды комплекстүү түрдө көрсөтүү.

Милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- социалдык-экономикалык процесстерди пландаштыруунун математикалык моделдеринин системаларын түзүү жана колдонуу методологиясын өздөштүрүү;

-ар кандай уюштуруучулук жана экономикалык деңгээлдеги аналитикалык экономикалык иште колдонулуучу типтүү моделдерди талдоо;

- прикладдык экономикалык-математикалык моделдерди чечүүнүн натыйжаларын изилдөө ыкмаларын жана аларды экономикалык чечимдерди негиздөөдө колдонууну камтуу.

Семинар үстүбүздөгү жылдын 2-мартынан 17-мартына чейин төмөнкү темалар боюнча өткөрүлөт:

- Статистиканын негиздери жана MS Excel программасында "Маалыматтарды талдоо" пакети;

-Убакыт катарларынын анализи жана болжолдоонун негиздери;

- баалар, соода жана салыктар боюнча моделдер;

- Украинадагы кризистин таасиринин мисалында финансылык программалоонун модели жана соккуларды талдоо.

Аймактар аралык администрациянын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү онлайн түрдө катыша алышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу