Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Кыргызстан элин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт!

Новости
22-Февраль 2023-ж.
1503

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев  кыргызстандыктарды келе жаткан эрдиктин, асылдыктын жана ар-намыстын майрамы – Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт!

Ата Мекенди коргоо - ар бир өлкөнүн жаранынын ыйык милдети. Министрликтин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук,  жана бакубатчылык каалайм!

23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулар күнү, бул Улуу Ата Мекендик согушта бизди коргогондордун, азыр бизди кайтарып жаткандардын майрамы, бул өзүн, үй-бүлөсүн жана жакындарын коргоодон коркпогон ар бир адамдын майрамы.

   Министр                                                      Д. Амангельдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу