КР Министрлер Кабинетинин акциздик салык чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөр жөнүндө токтому кабыл алынды

Новости
20-Февраль 2023-ж.
1969

Акциздик товарлардын топтору боюнча акциздик салыкты башкарууну өркүндөтүү жана күчөтүү максатында Акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмин эске алуу менен акциздик жыйымдын маркасынын болушун, өндүрүштүн көлөмүн контролдоо, аймактык салык органдарынын ыйгарым укуктарын чектөө жана бөлүштүрүү аркылуу акциздик продукцияларды өндүрүүчүлөрдө толук эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акциз салыгы чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 82 токтому кабыл алынды.

Бул токтом төмөнкүлөрдү караштырат:

- 2024-жылдын 1-январынан баштап сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциздик марканы колдонуу;

- Сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциздик марканы колдонуунун мөөнөтүн 2023-жылдын 

1-январынан 2024-жылдын 1-январына чейин узартуу;

- Сергитүүчү (энергетикалык)  алкоголсуз суусундуктарга 2023-жылдын 1-январындагы күчүнө кире турчу акциз салыгынын ставкасы 1 литрге 2 сом өлчөмүндө каралган (буга чейин бул товардык позицияга акциз салыгынын ставкасы 2023-жылдын 

1-январынан тартып 1 литрине 20 сом өлчөмүндө каралган). 

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден алкоголдук продукцияны импорттоочуларга банктык кепилдик формасында акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу боюнча депозит салуу мүмкүнчүлүгү;

- Салык органдарынын ыйгарым укуктарын чектөө максатында ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан тобокелдик фактору боюнча акциздик топтордун өндүрүүчүлөрдүн тизмесин аныктоо белгиленген.

Токтомдун долбоору тиркемеде

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу