КР Экономика министри ИИР элчиси менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы статусун талкуулады

Новости
02-Август 2015-ж.
2086
""2015-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратовдун Иран Ислам Республикасынын (ИИР) Атайын жана Ыйгары укуктуу элчиси Наджафи Хошрудименен жолугушуусу болуп өттү. .

Министр О. ПанкратовКР Экономика министрлиги соода, инвестиция, ишкердик сыяктуу чөйрөлөрдө Иран менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана активациялоого чоң маани берээрин белгилеп, ИИР Ядролук программасына байланыштуу маселелерди жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүү менен элчини куттуктады.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы статусун, Евразия экономикалык союзга КРдин кошулуусун эске алуу менен алардын кеңейтүү жана активациялоо мүмкүндүгүн талкуулашты. Ошондой эле 2015-жылдын сентябрь айында кыргыз -иран биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-отурумун жүргүзүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүү тууралуу келишимдик жетишилди.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун маселелерин чечүүгө тараптардын конструктивдүү подходдору достук жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде бардык негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк түзөт деген ишенимди билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу