2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин аткаруучулук тартибинин абалы жөнүндө

Новости
17-Февраль 2023-ж.
1266

2023 жылдын 16- февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында Коллегиянын жыйынында, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө  министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Чоро тааныштырды.

Ал белгилегендей, 2022-жылы Министрлигинде документ жүгүртүү 114586 бирдикти түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 218%га же 62064 бирдикке көбөйүү байкалууда.

Министрликте белгиленген форма боюнча документ жүгүртүүгө талдоо жүргүзүлөт жана алардын негизинде таблицалык формада отчеттор берилет, анда контролдук тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү, демилгеленген, кайтарылган жана чакыртып алынган ЧУАнын динамикасы көрсөтүлөт.

КР Президентинин Администрациясынан 11247 документ, анын ичинде мыйзамдар, жарлыктар, буйруктар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын тапшырмалары келип түшкөн. 2021-жылга салыштырмалуу +8402 документке көбөйүү, же өсүш +395% түздү.

-  Министрлер Кабинетинен- 7488 документ, анын ичинде токтомдор, тескемелер, протоколдук тапшырмалар (кеңешмелер жана жыйындар), Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын тапшырмалары.  2021-жылга салыштырмалуу 3422 документке көбөйүү, же өсүш +84% түздү.

- Жогорку Кеңешинен 454 документ, анын ичинде токтомдор, протоколдук тапшырмалар, депутаттык суроо- талаптар, ошондой эле жарандардын кайрылуулары келип түшкөн.   2021-жылга салыштырмалуу +19 документке көбөйүү же өсүш +4,4% түздү.

Отчёттук мезгилде жарандардан 787 кайрылуу келип түшкөн. Жарандардын 787 арызынын ичинен 787си аткаруу контролуна алынып, 735и мөөнөтүндө аткарылган, 36 кайрылуу мөөнөтүн бузуу менен аткарылган, 330 адам “коомдук кабылдама” аркылуу кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөлүк деңгээлдеги көптөгөн документтердин аткарылышы үчүн жооптуу негизги мамлекеттик орган болуп саналат, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым Программалары, Иш-аракеттер пландары ж.б. боюнча топтоо, көптөгөн мамлекеттик органдардын ишин координациялоо менен байланышкан.

2022-жылы министрлик тарабынан 311 долбоор демилгеленген, алардын ичинен:

-65 мыйзам долбоор;

-КР МК 246 чечимдеринин долбоорлору (тескемелер, токтомдор) .

-Анын ичинен кабыл алынганы: 17 мыйзам долбоор;

-КР МК 146 токтому, тескемелери.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу