Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Алматы-Бишкек экономикалык коридору боюнча подкомитеттин отуруму жөнүндө

Новости
16-Февраль 2023-ж.
1029

2023-жылдын 16-февралында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Алматы-Бишкек Экономикалык коридору (АБЭК) боюнча эксперттик топтун 7-жыйыны болуп өттү.

Жолугушууга эки тараптан тең негизги мамлекеттик органдар катышты.

Жолугушуунун максаты – Алматы-Бишкек Экономикалык коридорунун алкагында транспорт инфраструктурасы, абанын сапаты жана табигый кырсыктар, саламаттыкты сактоо, туризм жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулоо.

Жыйындын жүрүшүндө Протоколдун долбоору 2023-жылдын 17-февралында өтө турган ABЭК Подкомитетинин отурумунда андан ары кароо жана кол коюу үчүн каралды.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан төмөнкү долбоорлор сунушталды:

- Алматы менен Бишкектин ортосунда электроавтобустарды колдонгон автобус кызматы;

- АБЭК чек ара кызматтарын аймактык жакшыртуу;

- Алматы-Бишкек альтернативалык жолу;

Ошондой эле, Бишкек жана Алматы шаарларындагы абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, табигый кырсыктардын тобокелин башкаруу, саламаттыкты сактоо, атап айтканда, аймактык маалымдама борборун түзүү жөнүндө докладдар угулду.

Талкуунун жыйынтыгында эки тарап тең ABЭК протоколунун долбооруна аны кийин жактыруу үчүн сунуштарды киргизишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу