Монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүүнү берүү тартиби бекитилди

Новости
02-Август 2015-ж.
2091
2015-жылдын 27-июлунда КР Өкмөтүнүн токтому менен монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болгон, аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө эскертүүнү берүү тартиби бекитилди.

КР атаандаштык мыйзамдары Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин жана Бажы биримдигинин атаандаштык мыйзамдарына шайкеш келтирилди. Тактап айтканда «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди, анын ичинде 18-1-беренеси менен толукталды.

Монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол берилбестиги жөнүндө эскертүү
Ушул беренеге ылайык:
1. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында монополияга каршы орган чарба жүргүзүүчү субъектиге монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү (мындан ары - эскертүү) жөнөтөт.
2. Эгерде мындай аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болсо жана мында монополияга каршы мыйзамды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо, товардык рынокто пландалып жаткан аракет жөнүндө ачык билдирүү эскертүү жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Эскертүү берүү тартибин жана анын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Жогоруда белгиленген тартип монополияга каршы органга эскертүү жөнөтүү жолу менен монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол бербөө боюнча алдын-ала чараларды колдонууга мүмкүндүк түзөт.

Эскертүү- эгерде монополияга карыш орган чарбакер субъекттин колдонууга монополияга каршы мыйзамдарга каршы келүүчү кандайдыр-бир аракетти кылуу ниетин аныктаса, анда жазуу жүзүндөгү расмий документ жөнөтүлөт, анда ал тарабынан айтылган билдирүүлөрдү иш-жүзүндө колдонбоо сунушталат. Ошентип, монополияга каршы орган, эгерде чарбакер субъект ниетин ишке ашырса, ага карата администрациялык же айыптык санкциялар колдонулаарын эскертет.

Ушул Тартипти ишке ашыруу монополияга каршы мыйзамдарды бузууларды кыскартууга, ошондой эле «Атаандаштык жөнүндө» КР Мыйзамынын ченемдери жөнүндө маалыматты таркатууга алып келет.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу