Макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча иш чаралар улантылат

Новости
16-Февраль 2023-ж.
899

2023-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинде КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, КР Президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исановдун катышуусунда 2022-жылдын ишинин жыйынтыктары жана 2023-жылга пландары боюнча коллегиянын жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө министр Данияр Амангелдиев 2023-жылдарга белгиленген пландарга токтолду. 

Негизги өнүгүү индикатору бул экономиканын өсүшүн 5 пайыздан кем эмес болуу максаты коюлду же болбосо ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомго жеткирүү!

Бул багытта реалдуу секторун күчөтүү, өнөр жай, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө шарт түзүү боюнча иш аракеттер аткарылат. Ошону менен бирге импорттук көз карандылыкты азайтуу боюнча иштер жасалмакчы.

Жалпы өнүктүрүү фонддорунун каражаттары мобилизацияланып, даректүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин жакшыртуу, региондорду өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча аракеттер жүргүзүлөт жана административдик-территориялык реформа аткарылат.

Мындан тышкары “Бир айыл – бир продукт” улуттук долбоору жалпы аймактарга жайылтуу максатында  “Бир айыл – бир продукт” Концепциясын жана Жол картасын иштеп чыгарабыз.

Өлкөнүн өнөр жай потенциалын жогорулатуу максатында:

100 өнөр жай ишканасын ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары тартылып, комплекстүү иш-чаралар бекитилет. Экс-аймактык зоналарга фискалдык механизмдерден тышкары инфраструктуралык көмөк көрсөтүү боюнча иш аракеттер аткарылат;

орто мөөнөттүү келечекте заманбап стандарттардын талаптарына жооп берген күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү үчүн алдыңкы нефтини кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо; 

Кыргыз-Өзбек кызматташтыгынын алкагында жеңил жана коммерциялык автомобилдерди чогултуу өндүрүшүн уюштуруу; 

Токмок шаарынын өнөр жай зонасында “Текстиль Транс” пахта тазалоочу заводун ачуу жана өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу менен текстиль фабрикасынын курулушунун 2-этабын аяктоо;

электр кубаттуулугун күчөтүү максатында 20дан ашык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;

өсүү потенциалы жогору болгон Биовит жана Фарманур компанияларынын тегерегинде фармацевтикалык кластерин түзүү;

кайра жаралуучу электр энергиясы боюнча долбоорлорун иштеп чыгуу жана тармактык процедураларды жөнөкөйлөтүү.

Ал эми мамлекеттик менчикти башкаруу системасында:

мамлекеттик менчиктин структурасын оптималдаштырууну аяктоо;

ири мамлекеттик ишканаларды акционерлештирүү, улуттук башкаруучу компанияны түзүү;

мамкомпанияларды эл аралык капитал рыногуна чыгууга даярдоо каралууда. 

Ошондой эле бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүдө:

Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлер тизмесин түзүү жана “алтын паспорт” берүү механизмин иштеп чыгуу;

Оюн-зоок жайларынын рынокко кирүүсүн жеңилдетүү;

Соода-өнөр жай палатасын реформалоо;

Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук программасы иштеп чыгуу;

Биргелешкен холдинг компаниясы (Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен), Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фонду, Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү иштери аткарылат.

Экспорттук багытты жогорулатуу максатында:

 “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасын бекитүү;

экспортко багытталган өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү финансылык ресурстар менен камсыз кылуу;

«Ак-Тилек» жана «Карасуу» өткөрүү пункттарында Кыргыз-Казак өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу долбоорун иштеп чыгуу;

электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча тийиштүү Программанын жана Иш-чаралар планы бекитүү.

Белгиленген иш чаралардан тышкары бир топ маанилүү иш чаралар Министрлер Кабинетинин Планында каралган, бул багытта Министрлик тарабынан жигердүү иштер аткарылмакчы, - деп сөзүнүн аягында министр белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу