Жаңы доорго төп келген өзгөчө потенциалдуу экономикалык тармактар жөнүндө

Новости
16-Февраль 2023-ж.
1020

2023-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинде 2022-жылдын ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча коллегиянын жыйыны өтүп, ага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, КР Президенттик администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө экономикалык тармактарды белгилеп, министр   креативдүү индустрия чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча укуктук база түзүлүп, креативдүү индустриялар паркы түзүлгөндүгүн айтты.. 

Санарип көчмөн макамы киргизилип, автоматтык түрдө бул макам берилип баштады. Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн-зоок жайларынын ишинин укуктук негиздери түзүлдү. 

Ошондой эле климаттык чакырыктарга байланыштуу мамлекет тарабынан алынган милдеттерди аткаруу максатында кайра жаралуучу энергия жана ресурстарды сактоого багытталган жабдууларга фискалдык жеңилдиктер берилди, Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында электромобилдик автоунааларга нөлдүк ставкасы менен квота алынды.

Региондорду өнүктүрүү багытында административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жана Түп районунда административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде жүргүзүү тууралуу Президенттин Жарлыгы кабыл алынды.

Ошондой эле өзгөчө Баткен облусуна олуттуу көңүл бурулду.

Өзгөчө инвестициялык режимди түзүүнүн алкагында Баткен облусуна инвестицияларды коргоо боюнча кепилдиктер берилди. 

Баткен облусу үчүн мамлекеттик сатып алууларда жана бир нече мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеңилдетилген режими киргизилди.

Республикалык бюджетте Баткен облусун өнүктүрүүгө 500,0 млн сом каралды. 

Баткен облусунда Дүйнөлүк банк тарабынан  “Региондук экономикалык өнүгүү – 2” долбоорунун алкагында 50 млн. АКШ доллары  бөлүндү.

Ошондой эле жабыр тарткан ишкерлерге дээрлик 24 млн сомго компенсациялар берилди. 

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасындагы биринчи автоклавдык газобетон чыгаруучу заводдун курулушу каржылады.

Жалпы регионалдык чакан ишкерлерди колдоо максатында “Бир айыл-бир продукт” долбоору аркылуу Ысык-Көл облусунун моделин өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу боюнча иштер аткарылып,  атайын фонд түзүү чечимин камтыган Президенттин Жарлыгы даярдалды.    

Интеграция жана эки тараптуу кызматташтык боюнча кыска маалымат берип кетсем.

ЕАЭБ органдарында 2022-жыл Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын астында өттү. Бардык өлкөлөр төрагалык кылуу жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти. 

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 4,5 млрд АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32 пайызга өстү. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен бирге Армения экономикалык өсүш темпи боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду.

Төрагалык кылуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун демпингге каршы компенсациялык алымдар аркылуу каржылоо булактары жана механизмдери аныкталды.

Ошондой эле Төрагалык кылуунун алкагында бир катар масштабдуу иш-чаралар өткөрүлдү:

Евразия экономикалык форуму;

“Келечек” жаштар форуму ;

Инвестициялык саммит;

Илимий-практикалык конференция.

Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү жана күчөтүүнүн алкагында бир топ алгылыктуу иш чаралар аткарылды.

2022-жылы Түркия, Индия, Корея, Өзбекстан, Казакстан, Россия Федерациясы жана башкалар сыяктуу стратегиялык өлкөлөр менен өкмөттөр аралык комиссиялардын 13 жыйыны өткөрүлдү.

Казакстандын Президентинин иш сапарынын алкагында 13 документке кол коюлду. Атап айтканда, Карасуу жана Ак- Тилек автожол постторунун аймагындагы өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Өзбекстандын Президентинин иш-сапары жогорку деңгээлде даярдалып, Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы кабыл алынды. Программанын алкагында:

- Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө долбоорго кол коюлду;

- Эки тараптуу өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө маселелер каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу