Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, мамлекеттик колдоонун негизинде өлкөдө 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү милдети коюлган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин 2022-жылга ишинин жыйынтыктары жана 2023-жылга пландары боюнча 2023-жылдын 16-февралындагы коллегиянын жыйынында билдирди.
Министрликтин Коллегиясынын жыйынына КР Министлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов катышты.
Министр бул багытта өнөр жай ишканаларын идентификациялоо максатында Кыргыз Республикасындагы 2058 өнөр жай ишканаларынын тизмеси түзүлүп чыкканын белгиледи.
Учурда өнөр жай ишканаларынын интерактивдүү картасы түзүлүп жатат.
100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүүнүн алкагында:
– келечектүү стратегиялык жана экономикалык долбоорлордун улуттук программасын бекитүү;
– потенциалдуу өнөр жай долбоорлорун чогултуу жөнүндө бүткүл өлкө боюнча жарыялоо;
– ишке ашырылып жаткан ар бир долбоорго бирден кураторлук механизмин киргизүү боюнча Президенттин тийиштүү Жарлыгы иштелип чыккан жана жакынкы арада кол коюлмакчы.
Өнүктүрүү институттары экономиканын артыкчылыктуу секторлорунун өнүгүүсүнө жеке инвестициялардын катализатору болуп саналат, ошондой эле инфраструктураны калыптандырууга жана экономиканы модернизациялоого чоң өбөлгө түзөт.
Ушуга байланыштуу Министлер Кабинетинин таппшырмасына ылайык, 1 миллиард сомдук уставдык капиталы менен “Кыргызиндустрия” түзүлүп, анын негизги максаты – өнөр жайды модернизациялоону камсыз кылуу жана мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъекттерди эффективдүү башкаруу деп аныкталды.
Туризмди өнүктүрүү жана бул тармактын инфраструктурасынын абалын жакшыртуу үчүн 1 млрд сом уставдык капиталы менен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду түзүлдү.
Уставдык капиталы 2 млрд. сом болгон Мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлдү.
Уставдык капиталы 200 миллион долларды түзгөн Өзбек- Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, 2022-жылдын жыйынтыгы менен бул фондго экономиканын ар кандай секторлорунан 123 миллион АКШ долларынан ашык суммадагы долбоорлор келип түшкөн.
Ошондой эле уставдык капиталы 50 миллион АКШ доллары менен Венгер- Кыргыз өнүктүрүү фонду жалпы суммасы 24 миллион доллардан ашкан 14 каржылоого долбоорлор келип түштү.
25 миллион АКШ доллары уставдык капиталы менен Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Азыркы учурда фондду толук кандуу ишке киргизүү боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.
Бириккен Араб Эмираттары менен уставдык фонду 100 миллион долларды түзгөн биргелешкен холдингди түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Белгилеп кетсем, аталган холдингтин уставдык капиталын келечекте 12 эсеге көбөйтүү каралган, бул 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейин жетет.
Регионалдык өнүктүрүү фонддорунда бүгүнкү күндө дээрлик 3 млрд сом акча каражаттары топтолгон. Бирок тилекке каршы, жергиликтүү фонддор региондорду өнүктүрүүдө, жер-жерлердеги финансылык абалды чыңдоого жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда өтө пассивдүү катышууда. Акыркы жылдарда фонддордун ишине дем берүүгө багытталган бир топ жергиликтүү жетекчилердин сунушу менен иштөө шарттары өзгөртүлдү.
Мамлекеттик активдерди эффективдүү колдонуу өтө маанилүү.
Мамлекеттик активдерди башкаруу тармагында бүгүнкү күндө экономиканын түрдүү тармактарындагы 48 чарбалык компаниянын акционери болуп, 96 мамлекеттик ишкана менен иш алып барат.
Финансылык тартипти талаптагыдай көзөмөлгө алуунун жана чыңдоонун натыйжасында мамлекеттик ишканалардын ишинин көрсөткүчтөрү жакшырды.
Акционердик коомдордун таза кирешеси – 16 млрд сомдон ашты.
Мамлекеттик ишканалардын таза пайдасы – 2,3 млрд сомдон ашты. Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү башкаруудан республикалык бюджетке 6,5 млрд сом түшкөн.
2022-жылдын негизги жетишкендиги болуп, «Кумтөр» ишканасын улутташтыруу иш чарасы аныкталды. Компания алтын өндүрүү боюнча ишин улантып, бардык кыйынчылыктарга карабастан өндүрүш процесстеринин туруктуулугун көрсөттү жана алтын куймаларын кайрадан дүйнөлүк рынокто сатууга мүмкүнчүлүгүн алды, - Мамлекеттик сатып алууларды эффективдүү колдонуу жана ата мекендик өндүрүштү чыңдоо максатында 50 пайыздык кепилденген мамлекеттик сатып алуулар механизми иштелип чыкты. Учурда тийиштүү Жарлыктын долбоору Президенттин Администрациясына кароого киргизилди жана ата мекендик фармацевтикалык өндүрүшчүлөр тарабынан өндүрүлгөн товарлардын тизмесин бекитүү боюнча чечим кароого сунушталды - деп билдирди министр.
Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө экономиканын артыкчылыктуу тармактары боюнча төмөнкү чакырылган спикерлер сүйлөштү:
-“Кыргызиндустрия” АК президенти Жарасул Абраимов. “Мамлекеттик өнүгүү банкы” АКнынбашкармалыгынын төрайымы Евгения Судец,”Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” АК жетекчиси Аида Төлөгөнова жана “Туризм фонду” ААК жетекчиси Елена Калашникова.