Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору жактырылды

Новости
14-Февраль 2023-ж.
800

Жогорку Кеӊештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактырды. 


Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы соода, инвестициялык жана финансылык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо болуп саналат.


Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тармактарды каржылоону ишке ашырат. 


Фондду башкарууну Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармасы ишке ашырат.

Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, азербайжан тараптын Фонддун уставдык капиталына салымы 25 000 000 (жыйырма беш миллион) долларды түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу