2023-жылдын 16-февралында (саат 10.00 – Чоң зал) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Министрликтин 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрүлөт.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин 2022-жылга ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары жөнүндө:
- министр Амангелдиев Данияр Жолдошевич.
1.1. Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү жөнүндө:
- «Кыргыз индустрия» ААКнын президенти Абдураимов Жарасул Осмоналиевич;
- «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК башкармалыгынын төрагасы Судец Евгения Леонидовна;
- «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын жетекчиси Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна;
- «Туризм фонду» АК жетекчиси Калашникова Елена Анатольевна.
2. Өнүгүү чөйрөсүн түзүү саясатын ишке ашыруу жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Усенбекова Айнура Доктурбаевна.
2.1. Аккредитациялоо тармагын өнүктүрүү жөнүндө:
- кошумча баяндамачы - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун жетекчиси Жунушакунов Канатбек Шейшекеевич.
3. Аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейитов Чоро Сейитович.