«Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү» долбоорунун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү жөнүндө

Новости
13-Февраль 2023-ж.
1263

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун төрагалыгы алдында республиканын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн Германия эл аралык кызматташтык коомунун – (Германия Федеративдик Республикасы), КРдагы «Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү» долбоорунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү үчүн GIZ программасынын комитетинин башкаруучусу менен жолугушуусу болуп өттү. 

Бул жыйында 2022-жылга долбоордук иш-чаралардын жыйынтыктарын, Долбоордун 2023-жылга карата негизги иш-чараларын көрсөтүү жана өнөктөштөрдөн сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуу маселелери каралды.

Маалымат иретинде:

GIZ Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү долбоору - Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда сооданы жеңилдетүү боюнча жардам көрсөткөн аймактык долбоор болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу