⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

Жашыл экономиканы моделдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны жөнүндө

Новости
13-Февраль 2023-ж.
3490

КР Экономика жана коммерция министрлигинде жашыл экономиканы моделдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү. Катышуучулар жумушчу топтун мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, илимий структуралардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча учурдагы пландар, ошондой эле энергетика жана айыл чарба тармактарындагы пилоттук иш-чаралардын долбоорлору менен таанышты.

Жыйынтыгында мындан аркы биргелешкен иштердин пландары талкууланды.