Кыргызстан ДСУнун платформасында Малайзиянын соода саясатына сереп салууга катышты

Новости
10-Февраль 2023-ж.
902

2023-жылдын 8-февралынан 10-февралына чейин ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюмунун) Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы Малайзиянын соода саясатынын сегизинчи серепине катышты. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмундагы өкүлү Нурбек Максүтов билдирди.


Өз сөзүндө Н.Максүтов өлкөнүн түштүк-чыгышында болгон кыйратуучу жер титирөөлөрдүн натыйжасындагы жоготууларга байланыштуу боордош Түркия элине Кыргыз Республикасынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты.


Малайзиянын Эл аралык соода министрлигинин Башкы катчысы Ишам Исхак мырза баштаган өлкөлөрдүн делегацияларын жылуу кабыл алып, ДСУнун Катчылыгы менен биргелешип даярдалган доклад үчүн, ошондой эле ДСУга, анын маалыматтык комментарийлери үчүн  Түркиянын Туруктуу өкүлү Алпарслан Акарсой мырзага ыраазычылык билдирди. 


Н.Максүтов белгилегендей, Малайзия ДСУга мүчө боло баштагандан тартып эле ДСУнун эрежелерине эң жогорку берилгендигин көрсөттү жана Малайзиялык ТКУ 2018де айтылгандай, борбору ДСУ болуп саналган соода системасында көп тараптуу алкагында сооданы либералдаштырууга умтулуусун ынанымдуу көрсөттү. ДСУнун платформасындагы көптөгөн ийгиликтүү кадамдардын арасында Сооданы жеңилдетүү жөнүндө Макулдашууну жана ТРИПС Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Протоколду кабыл алуу да бар.


Н.Максүтов Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөндүгүн жана соода-экономикалык мамилелердин мезгилинде Малайзия Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү соода өнөктөшү болуп калгандыгын билдирди.


«Эки өлкөнүн жогорку делегацияларынын өз ара негизде үзгүлтүксүз расмий сапарлары эки өлкөнүн ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыктын потенциалын чыңдоо маселелерин талкуулоо үчүн жагымдуу шарттарды түздү. Биздин өлкөлөр ар кайсы жерлерде Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелерди талкуулашты», - деди Н.Максүтов.


Маалымат иретинде:

2018-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы экспорт-импорттун көлөмү 2,2 эсеге кыскарган. 2022-жылдын 10 айында товар жүгүртүү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 эсеге өскөн.

Кыргызстан Малайзиядан телефон аппараттарын жана алардын тетиктерин, интегралдык микросхемаларды, пальма майын, кокос майын, какао порошогун, эфир майларын, самын жана жуучу каражаттарды, өнөр жай үчүн ар кандай механикалык приборлорду жана алардын тетиктерин, автоунааларды, резина буюмдарын, керамикалык буюмдарды, өндүрүлгөн продукцияны - ар кандай даяр буюмдарды алып келет.

Кыргызстандан Малайзияга экспорттун негизги товарлары болуп табигый бал, мунай продуктулары (авиа күйүүчү май) жана аба насостору саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу