Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, мамлекеттик ишмер Шеримбекова Майрамкүл Исажановна дүйнөдөн кайтты

Новости
10-Февраль 2023-ж.
995

2023-жылдын 10-февралында 73 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, мамлекеттик ишмер Шеримбекова Майрамкүл Исажановна узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды.


Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эмгек жамааты кесиптешинин капысынан каза болгондугу, салык жана бюджет мыйзамдары боюнча жогорку квалификациялуу адис, жетекчи, авторитет, жакшы дос, чынчыл жана адилет инсанынан айрылгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алды.


Өлкөнүн чыныгы патриоту Майрамкул Исажановнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Орду толгус жоготуу азабын сиздер менен бөлүшөбүз.


Шеримбекова Майрамкүл Исажановна 1950-жылы 7-мартта Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында туулган.

1993-2010-жылдары салык кызматында иштеген.

1999-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун орун басары кызматын аркалаган.

2010-жылдын февраль айынан бери Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин системасында эмгектенген. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Салык саясаты департаментинин Салык чараларын талдоо жана баалоо секторун жетектеген.

Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы жана эмгектеги жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Майрам Исажановна бир катар сыйлыктар менен сыйланган, анын ичинде:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын Ардак грамотасы,

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасы,

«Салык кызматынын отличниги» төш белгиси,

«Экономиканын отличниги» төш белгиси,

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» төш белгиси.

Кыргыз Республикасынын Президентинин сааты,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ага “Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси” атайын наамы ыйгарылган.

Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө сиңирген эмгеги үчүн Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Финансылык-чарбалык ишмердүүлүккө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти» Ардак наамы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен ыйланган.


Майрамкул Исажановна Шеримбекова менен коштошуу зыйнаты Бишкек ш., 12-февраль күнү саат 10до  (2-линия көчөсү, 45 уй, (Ч,Айтматов пр.-Айни) болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу