БА өлкөлөрүнүн сооданы жеңилдетүү боюнча улуттук комитеттеринин байланыш адамдарынын жолугушуусу жөнүндө

Новости
10-Февраль 2023-ж.
934

2023-жылдын 9-февралында онлайн режиминде TFCA GIZ Долбоорунун колдоосу менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттеринин байланыш адамдарынын кезектеги жумушчу жолугушуусу болуп өттү. 


Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук комитеттеринин (БА СКУК) байланыш адамдары 2022-жылдын октябрь айында Астанада  өткөн аймактык кеңешмеде Сооданы жеңилдетүү боюнча кызматташуу боюнча Долбоорду мамлекеттерде, ошондой эле СКУКтун кезектеги аймактык кеңешмесин уюштуруу боюнча сунуштар жана пландарды жактыруу абалын талкуулашкан.


Экономика жана коммерция министрлигинин Эл аралык салык жана бажылык байланыштар башкармалыгынын жетектөөчү адиси Заир Коңурбаев Кыргыз Республикасынын атынан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн СКУК аймактык платформасынын ишин координациялоо боюнча кеңешмеге катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу