Алматыдагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жана Москвадагы Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйындарынын жыйынтыктары

Новости
10-Февраль 2023-ж.
904

2023-жылдын 10 февралында «Кабар» Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттигинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары  Чынгыз Макешов, ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги Нурсултан Мукаев,  соода саясаты башкармалыгынын начальниги  Римма Киселева, макроэкономика башкармалыгынын начальниги Алмаз Абдекировдун катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (2023-жылдын 2-3-февралы, Алматы) жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (2023-жылдын 25-январы, Москва шаары) жыйындарынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрүштү. 


Министрдин орун басары Ч. Макешов маалымдагандай 2023-жылдын 2-3-февралында Алма-Ата шаарында (Казакстан Республикасы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин быйылкы жылы Россия тараптын жетекчилиги астында биринчи отуруму болуп өттү.


Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Жапаров Акылбек Үсөнбекович жетектеди.


Жыйынга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын жана Куба Республикасынын ЕАЭБге байкоочу өлкөлөр катары өкмөт башчылары катышты.


- Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары Евразия өнүктүрүү банкынын, ошондой эле Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өздөрүнүн долбоордук иш багыттары боюнча маалыматын угушту.

Жыйынтыгында аталган уюмдарга мүчө-мамлекеттер менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантуу жөнүндө тапшырмасы берилди.


-Ошондой эле Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу боюнча макулдашуунун долбоору боюнча ишти улантууну жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунда тапшырманы аткаруунун жыйынтыгы боюнча маалыматты берүүнү тапшырылды.


Маалымат үчүн: 

аталган Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында тараптардын ортосунда күрөө депозитин (акциз салыгын төлөөдө салык кызматына депозит) жана “атайын импортерлор” институтун (Бирликтин башка өлкөлөрүнө алкоголдук продукцияны Беларусь Республикасына импорттоо боюнча чектөө) жокко чыгаруунун негизги маселелери боюнча пикир келишпестиктер бар. 


- Тараптар ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоо маселесин талкуулашты.


Белгилүү болгондой, 2025-жылга чейин Бирликтин мамлекеттери жалпы газ рыногун түзүшү керек. Бүгүнкү күндө бул максаттарга жетүү үчүн динамикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бирок, бир катар пикир келишпестиктер бар, мисалы:

- ички керектөө үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн газды басмырлоосуз ташуу;

- газ ташуу кызматына тарифтерди белгилөө;

- газ тармагындагы эки тараптуу эл аралык келишимдердин иштеши ж.б.


Талкуунун жыйынтыгында тараптар маселени мындан ары да изилдөөнү чечишти.

Маалымат үчүн:

 эл аралык келишимдин долбоору төмөнкүлөрдү карайт:

1. Газды ташуу кызматтарына басмырлоосуз жана ачык-айкын тарифтерди белгилөө механизмдерин түзүү;

2. Бирликтин газ өткөрүү тутумдарына кирүүнүн бирдиктүү эрежелери;

3. Эркин келишимдерди жана алмашуу операцияларын түзүү мүмкүнчүлүгү;

4. Жалпы газ рыногунда субъективдүү курамды кеңейтүү (газды берүүчүлөр да, керектөөчүлөр да).


Министрдин орун басары Ч. Макешов журналисттердин суроолоруна жооп берип, Комиссиянын чечимдерине бодо малдын этинин айрым түрлөрү үчүн ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү өзгөртүүлөр киргизилгендигин билдирди.


Маалымат иретинде:

Россия Федерациясында Эттин айрым түрлөрү боюнча Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Комиссиянын Кеңешинин чечиминин долбоору каралып, анда жеңилдиктер түрүндөгү тарифтик жеңилдиктер каралган. Россия Федерациясына ташылып келинген тоңдурулган малдын этине (уйдун эти) бажы алымдарынан (коддору 0202 10 000 1, 0202 20 100 1, 0202 20 300 1, 0202 20 500 1, 0202 20102, 0902 20102 500 4 жана 0202 30 500 4 жана 0202 30 900 4 эт азыктарын өндүрүү үчүн СЭБ) импорттолуучу товарлардын арналышы ыйгарым укуктуу орган тарабынан ырасталганда) 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде 100 миң тоннадан ашык эмес.

Сунушталып жаткан чара 2023-жылдын 31-декабрына чейин бодо малдын жана чочко этинин базар баасын турукташтырууга багытталган.


- Мындан тышкары, ЕАЭБдин жалпы электр энергиясынын рыногунун алкагында электр энергиясын (кубаттуулугун) эл аралык берүү кызматтарына жетүү эрежелерин бекитүү чечими кабыл алынды. 


Маалымат үчүн: 

Эрежелер Бирликтин электр энергиясынын жалпы рыногунун иштеши үчүн зарыл шарттарды, Бирликтин электр энергиясынын жалпы рыногунда соода жүргүзүүдө катышуучулардын электр энергиясын (кубаттуулугун) мамлекеттер аралык берүүдө басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.


- Делегациялардын башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын биргелешкен долбоорго “Түндүк – Түштүк” эл аралык транспорт коридору (Балтика өлкөлөрү – Индия. Узундугу – 7200 км) боюнча ишке ашырылган “Евразиялык агроэкспресс” ташууларын киргизүү сунушун колдошту. Түркмөнстан, Иран, Эмираттар жана Индия багытында.

Маалымат үчүн: бул долбоор айыл-чарба азыктарын жана азык-түлүктөрдү тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды ишке ашырууга багытталган.


- Тармактагы мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, каржылоо жана ишке ашыруу боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.


Азыркы учурда анын жеке эрежелерин, атап айтканда, долбоорлорду бюджеттен тышкаркы булактардан каржылоо мүмкүнчүлүгүн оңдоо зарылчылыгы бар.


Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны 7-9-июнда Сочи шаарында (Россия Федерациясы) өтөт.


Мындан тышкары,  Н. Мукаев белгилегендей,  өкмөт башчылары катышкан жыйындын алкагында «Жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк» Санарип форуму өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Акылбек Жапаров өз сөзүндө санариптештирүү – жаңы реалдуулук экенин, акылдуу машиналар жакынкы келечекте билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда революцияга алып келерин баса белгиледи. 


Форум санариптик күн тартиби жана замамбап санариптик технологиялар тармагындагы жаңы багыттардын диалогу аянтчасы болуп калганы белгиленди.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн 30 миңдей катышуучу катышты.

Ошондой эле, пресс-конференциянын катышуучулары, 2023-жылдын 3-февралында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономика министрликтеринин жетекчилеринин жыйыны өткөнүн айтып беришти.


Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралды.

Биринчи маселе боюнча РФ Экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников «2023-жылы Бирликтин органдарында Россия Федерациясынын төрагалыгынын артыкчылыктары жөнүндө» доклад сунуштады. РФ Президенти Владимир Путин ушул жылдын 18-январында атаган.


Экинчи маселе боюнча тараптар Коллегия мүчөсү – ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика (министри) Сергей Глазьевдин “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин 2035-жылга чейин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын долбоору жөнүндө” докладын эске алышып, документти кошумча иштеп чыгууга макулдашышты.


Талкуунун жүрүшүндө Армения Республикасы ЕАЭБдин алкагында туризм тармагындагы маселелерди кароо жана жакынкы аралыкта бул маселе боюнча эксперттик деңгээлде семинар өткөрүү сунушун айтты.


Тараптар Армениянын бул сунушун колдошту.


Ошондой эле, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер тууралуу айтылты.

- «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердеги макроэкономикалык абал жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө» буйрук.

- “Өнөр-жай чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, каржылоо жана ишке ашыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечим.

- «Индикативдик баланстар түзүлө турган товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйрук.

- «Электр энергиясын (кубаттуулугун) мамлекеттер аралык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу» 

Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергия алкагында рыногу жөнүндө» токтому.

- «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин 2022-жылдын 21-июнундагы № 11 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу.

«Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасын жана санариптик күн тартибин андан ары өнүктүрүү жөнүндө» буйрук.

- «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин айыл-чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен «Евразиялык агроэкспресс» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» буйрук.

- «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.


Буга чейин, 25-январда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2023-жылдагы биринчи отуруму болуп өттү. 


Жыйында Кыргыз Республикасынын тарабын – Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеди. 


Жыйындын күн тартиби 38 маселеден турду. 


Кеңештин отурумунда күн тартибиндеги 31 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

1. Ошентип, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча «ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө» доклад боюнча буйрук кабыл алынды.


Маалымат катары: 

бул баяндама ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнө жана мүчө-мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүнү колдоонун принциптерин жана критерийлерин сунуштайт.


2. «ЕАЭБдин жалпы электр энергиясынын рыногунун алкагында мамлекеттер аралык электр энергиясын берүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө» Өкмөттөр аралык кеңештин чечими жактырылды.


Маалымат катары:

Эрежелер ЕАЭБдин жалпы электр энергиясынын рыногунун алкагында электр энергиясын (кубаттуулугун) мамлекеттер аралык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн принциптерин жана тартибин аныктайт.


3. Комиссиянын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмесине Калифорния жаңгак зыянкечине карата толуктоолор бекитилди.


Маалымат катары:

бул чечим үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык соодада калифорниялык зыянкечине кирүү жана жайылуу тобокелдиктерине жол бербейт.


4. Ошондой эле ЕЭК Кеңеши “Обой кагаздарды өндүрүү үчүн пластмассаланган поливинилхлоридге ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө” чечимдин долбоорун жактырды (бажы наркынан 0 % өлчөмүндө убактылуу негизде).


5. Кеңештин мүчөлөрү бодо малдын этинин айрым түрлөрү боюнча Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди жактырышты.


Маалымат катары:

бажы тарифтерин жөнгө салуунун сунушталып жаткан чарасы – эт азыктарына бааны турукташтыруу максатында Россия Федерациясында бодо малдын этинин жана чочконун этинин рынокторун балансташтырууга багытталган.


6. 2023-жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбоору бекитилди.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу