Министр Д.Амангелдиев менен БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору өлкөдөгү туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну талкуулашты

Новости
09-Февраль 2023-ж.
947

2023-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Кристин Антже Грейв менен жолугушту.


Министр Д.Амангелдиев мейманды жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы БУУ менен кызматташууну жогору баалай турганын жана бардык негизги маселелер боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү максат кылып жатканын белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы жана келечектеги кызматташуунун маселелерин, анын ичинде 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун Алкактык программасын ишке ашыруу пландарын талкуулашты.


Өз кезегинде министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга карата иш-чаралар планы бекитилгенин, бул пландын иш-чаралары улуттук экономиканы чыңдоого жана  «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө багытталганын  маалымдады.


Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы боюнча пикир алмашышты жана ТӨМдүн (Туруктуу Өнүгүү Максаттары) негизги маселелерин талкуулашты.


Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Грейв улуттук максаттарга жетүүдөгү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ролун жана ишин жогору баалап, бардык аспектилер жагынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 


Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде биргелешкен долбоорлордун алкагында активдештирүүнү макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу