КР ЭКМ башчысы менен ЕРӨБдүн Борбордук Азиядагы жана Монголиядагы инфраструктура боюнча директору жаңы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү макулдашты

Новости
08-Февраль 2023-ж.
1002

2023-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министри  Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы жана Монголиядагы инфраструктура боюнча директору Екатерина Мирошник айымЕРӨБнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Айтен Рустамова жана ЕРӨБ өкүлдөрү  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ирригация, транспорт жана инфраструктура тармагындагы бир катар инвестициялык долбоорлор, ошондой эле энергетика тармагындагы долбоорлор талкууланды. Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана программаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Мирошник айым ЕРӨБ Кыргыз Республикасын суу менен камсыздоо, аз көмүртектүү транспорт жана башка инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүдө колдоого даяр экендигин белгиледи. Ошону менен бирге Мирошник айым долбоордук документтерди жана жашыл экономика тармагындагы бир катар долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, министр Д.Амангелдиев менен Э.Мирошник айым ишке ашырылып жаткан долбоорлордун учурдагы абалын жана пландаштырылган долбоорлордун аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты. Мындан тышкары, жеке ишкерликти өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле ЕРӨБ башкаруучуларынын жылдык жолугушуусун өткөрүү жана ага катышуу пландары талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу