КР ЭКМ басма сөз билдирүүсү

Новости
08-Февраль 2023-ж.
1380

2023-жылдын 10-февралында саат 11.00 «Кабар» Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттигинде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (2023-жылдын 2-3-февралы, Алматы) жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (2023-жылдын 25-январы, Москва шаары) жыйындарынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрүлөт.

Пресс-конференциянын катышуучулары:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Макешов Чыңгыз Дүйшөнкулович;

- КР ЭКМ ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги Мукаев Нурсултан Айдарбекович;

- КР ЭКМдин соода саясаты башкармалыгынын начальниги Киселева Римма Хаджимуратовна;

- КР ЭКМдин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Абдекиров Алмаз Тынчтыкбекович.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу