Экономика министрлигинде казак инвесторлорунун Кыргызстандагы ишин талкуулашты

Новости
02-Август 2015-ж.
2092
""2015-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр О.Панкратовдун Казакстан Республикасынын КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.Бозжигитов менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар казакстандык инвесторлордун КР иштеринин маселелери жана КР Премьер-министри Т.Сариевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри К.Масимов, Россия Федерациясынын Премьер-министри менен Чолпон –Ата шаарында 2015-жылдын 19-июлундагы жолугушуусунун, 2015-жылдын 20-22-июлунда кыргыз делегациясынын визитинин жыйынтыктарын талкуулашты.

Тараптар бир мезгилде эки Протокол менен Евразия экономикалык союзга интеграциялоо шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга экспорттук алымдар боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуну сүйлөшүштү.

Мындан тышкары, Тараптар Евразия экономикалык союздун шарттарында иштөөгө Кыргызстандын инфратүзүмүнүн даядыгы, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык –сани тардык контролдоо маселелери талкуулашты.

Бишкек шаарында эки мамлекеттин Премьер-министрлеринин жетекчилиги алдында өтө турган, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 6 отурумун жүргүзүү мөөнөттөрү боюнча сунуштарды Казак тарабынан алууда көмөк көрсөтүү суранычы билдирилди.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу