2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасынын иштелип чыккан долбоору жөнүндө

Новости
06-Февраль 2023-ж.
1336

Президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, өлкөнүн экспорттук потенциалын жана ата мекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасынын долбоорун иштеп чыкты.

Аткарылган иштердин алкагында мамлекеттик жана жеке секторлордон кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен консультациялар жана жолугушуулар уюштурулду.

Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча бул экспорттук программа экспорттун төмөнкү товардык түзүмү боюнча чараларды көрүүгө багыттала тургандыгы аныкталган:

- Текстиль жана тигүү, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк, бут кийим;

-жемиштерден жана жашылчалардан даяр азыктар;

-жаңгактан жана буурчактан даяр продукция;

- даяр кургатылган азыктар;

- бал жана бал азыктары;

-Сүт азыктары;

- эт азыктары;

- балык азыктары;

- зергер буюмдары;

- алкоголсуз, анын ичинде улуттук суусундуктар. 

Тандалган продуктылардын топтору үчүн секторлор аралыкты аныктоодо жолугушуулардын жана консультациялардын жүрүшүндө сунушталган бардык чаралар эске алынган, ошондуктан Программанын түзүмүнө төмөнкүдөй секторлор киргизилген:

- экспортту стимулдаштыруу жана жылдыруу;

- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

-Сапаттуу инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү;

- Финансылык ресурстарга жетүү.

Учурда Программанын долбоору коомдук талкууга коюлган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу