Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин Алматыдагы жолугушуусу жөнүндө

Новости
03-Февраль 2023-ж.
1413

2023-жылдын 3-февралында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Россия Федерациясынын Экономиканы өнүктүрүү министри Максим Решетниковдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев катышты.

Бул жыйын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 1-февралындагы «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин кезектеги жыйындарын өткөрүү жөнүндө» буйругун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Экономика министрлери Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министри М.Решетниковдун “2023-жылы Биримдиктин органдарында россиялык төрагалык кылуунун артыкчылыктары жөнүндө” докладын, атап айтканда, бардык тармактарда интеграцияны андан ары тереңдетүү жана экономиканын алдыңкы тармактарында илимий-техникалык прогрессивдүү чечимдерди ишке киргизүү жөнүндө Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин үстүбүздөгү жылдын 18-январында сүйлөгөн сөзүндөгү маселелерин колдошту. 

Тараптар ошондой эле ЕЭКтин Интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьевдин “Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн 2035-жылга чейин негизги багыттарынын долбоору жөнүндө” маселе боюнча баяндамасын угушту жана эксперттик деңгээлде ишти улантууну макулдашышты.

Талкуунун жүрүшүндө Армения Республикасы ЕАЭБ алкагында туризм тармагындагы маселелерди кийинки отурумда кароо жана жакынкы аралыкта бул маселе боюнча эксперттик деңгээлде семинар өткөрүү сунушун айтты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу