КР ЭКМнин өкүлдөрү Эркин соода келишимдери боюнча тренерлерди даярдоонун аймактык курсун аякташты

Новости
01-Февраль 2023-ж.
1393

БАРЭКтин Эркин соода келишимдери боюнча тренерлерди даярдоонун аймактык курсу – бул БАРЭКтин ар бир өлкөсүнөн чектелген сандагы тажрыйбалуу өкмөт өкүлдөрүн окутуу үчүн иштелип чыккан аймактык окутуу программасы.

Эл аралык консультанттар БАРЭК институтунун жана АӨБнын эксперттери менен биргеликте эки этапта окутуунун жыйынтыгын беришти: биринчи этап алдын ала жазылган видеолекциялар менен онлайн режиминде өткөрүлдү, ал эми экинчи этап 26-28-январда бетме-бет мастер-класстардын формасында Тбилисиде (Грузия) өттү. Экинчи этаптын жыйынтыгында катышуучуларга окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. 

Иш-чарага Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Пакистан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Кытайдын өкүлдөрү, ошондой эле БАРЭК өлкөлөрүнүн академиялык жана илимий мекемелеринин соода эксперттери, АӨБ өкүлдөрү катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу