Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги жана Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын ЮЖБ мунай жана мунай продуктулары рыногундагы кырдаал тууралуу

Новости
31-Январь 2023-ж.
1923

2023-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин,  Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ЮЖБ катышуусунда республиканын мунай жана мунай продуктулары рыногундагы учурдагы кырдаалды талкуулоо боюнча жыйын өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар белгилегендей, бүгүнкү күндө республика мунайга жана мунай продуктыларына болгон ички керектөөнү өзүнүн өндүрүшү/өндүрүшүнүн эсебинен, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташуу жөнүндө» Макулдашуунун алкагында Россия Федерациясынан импорттоо эсебинен алымсыз негизде камсыздайт.

Ошентип, 2023-жылга ушул Макулдашууга ылайык, алымсыз жеткирүү боюнча төмөнкү индикативдик баланстар бекитилген:

Аталышы     Саны

миң тоннада

Автобензин 460

Дизель майы 485

Авиа күйүүчү май 150

Чийки мунай 50

Битум мунай 60

Тараптар 2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагына мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашышты.

Ошону менен бирге, 2023-жылдын 2-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын аягына карата болгон индикативдик баланстар жетишсиз болгон учурда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги келишим боюнча индикативдик калдыктарды көбөйтүүгө Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү баштайт. 

Ошондой эле, Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы бүгүнкү күндө мунайзаттарына болгон баанын төмөндөө тенденциясы байкалып, үстүбүздөгү жылдын февраль айында баалар литрине 52 сомго (КНСсиз), 2023-жылдын январына салыштырмалуу литрге.башкача айтканда 5-6 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн экенин белгиледи.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу