“Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамга жана “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Новости
30-Январь 2023-ж.
925

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду.


Мыйзам долбоорлору менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын Министрлер Кабинети ишке ашырат.


Акционердик коомдордо директорлор кеңеши компаниянын өнүгүү стратегиясын аныктоодо, ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгууда, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлдөөдө негизги ролду ойнойт. Мындан тышкары, директорлор кеңеши башкарууну - аткаруучу органды контролдойт. Ошол эле учурда директорлор кеңешинин мүчөлөрү компаниянын оперативдүү, учурдагы чарбалык иштерине кийлигишпейт.


Учурда Министрлер Кабинети мамлекеттик ишканаларды капиталдаштырууну жүргүзүүдө, мамлекеттик банктардын уставдык капиталын көбөйтүүгө, өнөр жай тармагындагы айрым мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүгө жана колдоого бюджеттен олуттуу каражаттар бөлүнүүдө.


Ошондуктан бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана эффективдуу пайдаланылышына контролдукту жүргүзүү зарыл, муну мамлекеттик ишканалардын директорлор ке-ңештеринин курамына Министрлер Кабинетинин профилдик мүчөлөрүн кошуу менен камсыз кылууга болот.


Бул чара ошондой эле мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү программалары жана пландары Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн стратегиялык милдеттер менен синхрондуу боло турган стратегиялык пландаштыруу системасын курууга мүмкүндүк берет.


Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык, Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин ыйгарым укуктарын, анын ичинде мамлекеттик мүлктүн акцияларына карата мамлекеттик компаниялардын уставдык капиталынын менчик ээсинин функцияларын ишке ашырат. Мамлекеттик компаниянын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө шайлануу үчүн Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен сунушталган Министрлер Кабинетинин мүчөсү Директорлор кеңешинин акционери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргойт. 


Белгилей кетсек, мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик компаниялардын директорлор кеңешине катышуусу эл аралык практикада кеңири жайылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу