Өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду

Новости
27-Январь 2023-ж.
769

1996-жылдын 24-декабрындагы Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимди, ошондой эле Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана шайкеш келтирүү боюнча жалпы каалоону жетекчиликке алып, 2023-жылдын  27-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосунда өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.


Макулдашуунун максаты - мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого көмөк көрсөтүү жана өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.


Тараптар өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча өнүктүрүүгө ниеттенишет:

- жеңил өнөр жайы;

- электротехника жана машина куруу;

- химиялык өнөр жай;

- фармацевтикалык өнөр жайы;

- металлургия;

- курулуш материалдар өнөр жайы ж.б.


Бул Макулдашууга кол коюшту:

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Өзбекстан Республикасынын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу