Министрдин орун басары К.Абдрахманов: “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунун жыйынтыгы боюнча

Новости
27-Январь 2023-ж.
993

Кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине эки өлкөнүн бизнес жана расмий чөйрөлөрүнүн 300дөн ашык өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу 2023-жылдын 27-январында Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов «Кыргызстан-Өзбекстан» бизнес форумунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып билдирди.


Анын айтымында, ошондой эле «Экономикалык кызматташтыктын келечеги», «Ишкердик кызматташуу» аттуу эки панелдик талкуу өткөрүлдү жана эки өлкөнүн аймактарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Аймактык интеграция жана экономикалык өнүгүү» тегерек столу болуп өттү.


(Кыргыз тараптан - Нарын, Талас, Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад, өзбек тараптан - Анжиян, Наманган, Фергана жана Жиззак облустары).


Андан ары иш-чаранын алкагында 1 миллиард 670 миллион долларлык 84 эки тараптуу документтерге кол коюлду, анын ичинде:

– 300,3 млн долларга 29 инвестициялык келишим;

– 1155,6 млн долларга 52 экспорттук контракт.

– 223,0 млн долларга 3 импорттук контракт. 


Мындан тышкары, эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтери 7 инвестициялык долбоорду (55,5 млн доллар) жана 3 соода келишимин (373 млн доллар) кошуу менен агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча «Жол картасын» бекитишти, анын ичинде

жаңы жана кургатылган жемиштерди жана жашылчаларды Кыргызстанга берүү

кыргыз картошкасын, бодо малды жана майда малды сатып алуу да бар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу