КР ЭКМ башчысы Кореянын KOICA агенттигинин директору менен жолугушууда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады

Новости
26-Январь 2023-ж.
954

2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) директору Ли Жонгсу мырза менен жолугушту, анда эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды. 


Министр Кыргыз Республикасы үчүн приоритеттүү багыттардын бири болуп «жашыл» экономиканы жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү экендигин билдирди. Ошол эле учурда “жашыл” өнүгүүнүн маанилүү инструменттеринин бири транспорттун экологиялык режимине өтүү болуп саналат. Министрлик «Кыргызпочтасы» ААК менен биргеликте бул жаатта долбоорду иштеп чыгууда.


Ли Йонгсу мырза белгилегендей, KOICA да климаттын өзгөрүшүнө жана аймактарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурат. Тактап айтканда, Кыргызстанга электромобилдер жана электр заряддоочу станциялар боюнча долбоордун алдын ала изилдөөсүн жүргүзүү үчүн эксперттер тобу келди.


Министр Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги KOICAнын кыргыз тараптан контр-өнөктөшү катары KOICA кеңсесинин толук кандуу иштешине жана Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу