Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө

Новости
25-Январь 2023-ж.
900

2023-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук бирикмеси менен биргеликте ПРООНдун каржылык колдоосунда мамлекеттик органдардын, бизнес- ассоциациялардын өкүлдөрүнүн жана кызыкдар тараптардын катышуусунда “Кыргыз Республикасындагы бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук базалык изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары” деген темада тегерек стол өткөрдү.


“2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) отчету жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, өлкөнүн Министрлер Кабинети БУУнун көрсөтмөлөрүн ишке ашырууну камсыздоо үчүн бизнес жана адам укуктары жаатындагы Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.


БУУнун Жетектөөчү принциптерин компаниялардын практикасына киргизүү, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мамлекетке жана бизнеске чоң пайда алып келиши мүмкүн, мисалы:

- өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда;

-мамлекеттин, бизнестин жана жарандык коомдун өнөктөштүк мамилелерин калыптандырууда;

- ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жагымдуулугун жогорулатууда;

көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүдө;

- сапаттуу жумуш орундарын түзүүдө;

-ички жана тышкы миграция маселесин чечүүдө;

- калктын аярлуу катмарларынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.


Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министрлиги «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук бирикмеси менен биргеликте долбоордун максаттары үчүн бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндө Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга киришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу