КР ЭКМ менен Өзбекстан Республикасынын Инвестөнөр жай жана соода министрликтеринин жетекчилери эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты

Новости
24-Январь 2023-ж.
915


2023-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министри Данияр Амангелдиев менен Өзбекстан Республикасынын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратовдун жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин ушул жылдын 26-27-январында Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.


Ошондой эле 26-январда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрация башчысы Сардор Умурзаковдун катышуусунда өтүүчү Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форумуна даярдык көрүү маселелери талкууланды.


Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары да талкууланды.


Маалымат иретинде:

2022-жылдын январь-ноябрь Кыргыз Республикасынын Өзбекстан менен болгон соода жүгүртүүсү 543,1 миллион долларды түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кошо алганда 20,8%га көбөйгөн, анын ичинде экспорт – 211,8 млн доллар (29,7%га өсүү), импорт – 331,4 млн доллар  (15,7%га өсүш) түздү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу