Аймакты өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын потенциалын жогорулатуу жөнүндө

Новости
24-Январь 2023-ж.
1001

Администрациялык-аймактык түзүлүштү реформалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 айыл аймагынын биригүүсүн пилоттук түрдө 5 ирилештирилген айыл аймагына киргизүү чечими кабыл алынды.


Демилгесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Өлкө Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы жарлыгы менен бекитилген 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформанын Концепциясын пилоттук режимде иштеп чыккан. 


Бүгүнкү күндө пилоттук долбоордун алкагында айыл аймактарын аймактык ирилештирүү менен бирге калктуу конуштарды өнүктүрүүгө ресурстук мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар ыйгарым укуктарды берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органдарынын жаңы структурасын түзүү Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына каралган.


Бул чаралар аймакты өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын потенциалын жогорулатууга тийиш.


Пилоттук долбоорду ишке ашырууга баа берүү 2024-жылдын аягында берилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу