Министрдин орун басары К.Абдрахманов: Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасы жөнүндө

Новости
20-Январь 2023-ж.
1615

2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун аянтында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда “Кыргыз Республикасында жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу укугу» боюнча тегерек стол өттү. 

Жогорудагы иш-чарада “Социалдык турак жай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам долбоорлору талкууланды; «Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлктү камакка алуу жөнүндө» «Үлүштүк курулуш жөнүндө».

Тактап айтканда, министрдин орун басары журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өлкөнүн Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы токтому менен бекитилген «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик турак-жай программасы тууралуу маалымат берди.

Министрдин орун басары белгилегендей, бул программада калктын социалдык топтору үчүн турак жай алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Президенттин Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2018-жылдын 31-октябрында “Менин үйүм” турак жай программасы иштелип чыккан.

Программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай менен камсыздоого комплекстүү мамилени колдонуу пландаштырылууда. Мындай мамиле турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүүгө, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредиттөө шарттарын жакшыртууга жана өз алдынча жашоо шарттарын жакшыртууга жөндөмдүү жарандардын санын көбөйтүүгө жардам берет.

Программа мамлекеттик колдоонун негизги долбоордук багыттарын өнүктүрүү аркылуу калк үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган өз ара байланышкан чаралар комплекси,- деп министрдин орун басары баса белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу