Кыргыз Республикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана маршруттар жөнүндө

Новости
17-Январь 2023-ж.
1725

Кыргыз Республикасында сооданы өнүктүрүү үчүн кошумча маршрутту оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги республиканын жүк ташуучу компаниялары менен биргеликте төмөнкү багыттагы маршруттарды иштеп чыкты:

- Кыргыз Республикасы - Өзбекстан Республикасы - Түркмөнстан Республикасы - Россия Федерациясы Каспий деңизи боюнча "Түркмөнбашы" портунан "Астрахань" портуна чейин.

2023-жылдын 16-17-январында Россия Федерациясынын Астрахань шаарында Түркмөнбашы порту менен Россиянын Каспий деңизиндеги порттору ортосунда үзгүлтүксүз деңиз ташуу линияларын уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Түркмөнстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдардын жана чарбалык субъекттердин өкүлдөрү менен төрт тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. 

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында делегация мүчөлөрү Астрахань облусунун төмөнкү портторунун ишмердүүлүгү менен таанышат:

- «Астрахань деңиз порту» АК;

- «Астрахань порту» ЖАК;

- "Армада МК " АК. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу